Компаниянын 2021-жылдагы эң маанилүү жетишкендиктери

8 Апреля 2022

Жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү жана автомобиль транспортунан темир жол транспортуна багыттоо максатында компания бир катар чараларды көрдү:

- ишкана өз каражаттарынын эсебинен  «Алтай Вагон» ААКдан 100 даана  жарым вагон  сатып алган.
- ишкана өз каражаттарынын эсебинен темир жолду оңдоо үчүн 20 км рельстерди жана 20 миң темир-бетон шпалдарын сатып алды.

- Өзбекстан Республикасы аркылуу транзит менен Кыргызстандын түштүк облустары багытында темир жол транспорту менен жүк ташууларды көбөйтүү үчүн «Өзбек темир жолу» ишканасы тарабынан жеңилдетилген тарифтик шарттар каралган, ошондой эле «Кыргыз темир жолу» Кыргызстандан Өзбекстанга өлкөнүн түштүк облустарынан көмүр ташып чыгууда жеңилдетилген шарттарды камсыз кылган;

- жүк ташуулардын көлөмүн мындан ары жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын темир жолдорунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандумдун алкагында Иранга/ Ирандан контейнерлерди ташуу үчүн 90%га чейинки жеңилдик менен атайын тариф белгиленген.

- транспорттук ишмердикти санариптештирүү жана фискалдаштыруунун алкагында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына электрондук эсеп-фактуралар жана онлайн-кассалык машиналар киргизилди.

Учурда “Балыкчы-Кочкор” темир жолун компания өз күчү менен куруу иштери жүрүүдө.

Бардык жаңылыктар