КР ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйыны болуп өттү

10 Мая 2022

Бүгүн, 10-май күнү “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин көчмө жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги катышты.

Алгач катышуучулар “Локомотив” спорт жана ден соолук чыңдоо комплексине барышты, андан соң Локомотив чарбасы филиалынын иши менен таанышып чыкты.

Жыйындын жүрүшүндө “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин Башкы директору Азамат Сакиев ишкананын 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнө жана 2022-жылга карата негизги милдеттерине токтолду.

2022-жылдан баштап компания Балыкчы- Кочкор-Кара-Кече (186 км) долбоорунун алкагында Балыкчы-Кочкор (63,5 км) темир жолунун курулушун баштаган. Учурда мамлекеттик ишкананын эсебинен темир жолду куруу иштери жүрүүдө.

Алсак, 2021-жылы Кыргыз темир жолу тарабынан 7660,5 миң тонна жүк ташылган, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 354,0 миң тоннага көп же 104,8%га өскөн.

Республика ичиндеги ташууларда 255,2 миң жүргүнчү ташылды, бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 185,033 жүргүнчүгө көп (2020-жылы - 70,167 жүргүнчү).

2022-жылы «Балыкчы-Кочкор» темир жолун куруу, кыймылдуу составдын паркын модернизациялоо, маневрдик тепловоздорду жана жүк ташуучу вагондорун сатып алуу, темир жолдо күчөтүлгөн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү, жүргүнчүлөрдү темир жол аркылуу ташуу эл аралык каттамды калыбына келтирүү жана башка бир катар милдеттер каралган.

Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары "Кыргыз темир жолу"УК" МИнин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрүп суроолорун беришти.  Мында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, темир жол тилкесиндеги коопсуздук жана башка маселелерге терең көңүл бурулду.

Бардык жаңылыктар