Бишкек-2 – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поездинин каттамы 15-августтан тарта жанданат

12 Августа 2022

Урматтуу жүргүнчүлөр! 2022-жылдан 15-августунан тарта № 608/609 Бишкек-2 - Балыкчы багытындагы өлкө ичиндеги жүргүнчү поезди кайрадан каттап баштайт.

Убактысы:

№ 608 Бишкек-2 – Балыкчы  поезди Бишкек-2 бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчы бекетине саат 11:42де жетет.
№ 609 Балыкчы – Бишкек-2 поезди Балыкчы бекетинен саат 17:48де чыгып, Бишкек-2 бекетинен 21:50дө келет.

Билет баалары:
Жөнөкөй вагон: чоң адамдарга 150 сом, жаш балдарга 73 сом.
Люкс вагон: чоң адамдарга 500 сом, жаш балдарга 250 сом.

Билет алып, бирок табигый кырсыктын кесепетинен поездге түшпөй калсаңыз, кассадан билетти алмаштырсаңыздар болот.
Эскерте кетсек, буга чейин Боом капчыгайында селдин кесепетинен    Бишкек-2 - Балыкчы каттамы убактылуу токтотулган.

Бардык жаңылыктар