Бишкек-2 — Балыкчы жүргүнчү поездинин каттамы сентябрда токтойт

26 Августа 2022

Урматтуу жүргүнчүлөр! «Кыргыз темир жолу» УК» МИ Бишкек-2 – Балыкчы багытындагы № 608/609 республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин каттамы үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан баштап токтоорун маалымдайт.

Бишкек-Балыкчы жүргүнчү поезди жыл сайын  жайкы туристтик мезгилде жүрөт, тагыраагы айтканда июнь айынан 31-августка чейин каттам иштейт.

Аталган  каттам 2023-жылдын жай мезгилинде кайрадан жанданат.

Бардык жаңылыктар