Боом капчыгайында шпалдарды толук алмаштыруу иштери жүргүзүлдү

27 Сентября 2022

Боом капчыгайында, Коямат-Куркол участогунун 148-жол айрыгында жыгач шпалдарды Фоссло бекиткичи менен темир-бетон шпалдарга толук алмаштыруу боюнча жолду күчөтүлгөн орточо оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын жол чарба филиалынын жетекчиси Нурбек Куралиев билдирди.

«Учурда 2,5 чакырым узундуктагы шпалдарды алмаштыруу иштери аткарылды. Жумушка 100дөн ашык жумушчу жана 10 инженердик техника тартылган», - деди ал.

Иш-чара «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын 2022-жылга карата оңдоо иштеринин планына ылайык аткарылды.

Бардык жаңылыктар