“Кыргыз темир жолу”: 9 айда 271 миң 461 жүргүнчү ташылган

1 Ноября 2022

“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча калктын керектөөлөрүн канааттандыруу болуп саналат.

2022-жылдын 9 ай ичинде жалпысынан 271 461 жүргүнчү ташылган, анын ичинен 73 851 жүргүнчү - эл аралык каттамдар менен, 197 610 жүргүнчү - ички каттамдар менен ташылган.

Эл аралык каттамдар ушул жылдын 6-июнунан тарта кайрадан жанданып, июнь айынан сентябрга чейин жалпысынан 73 851 жүргүнчү ташылган:
1. №17/18 Бишкек-Самара каттамы боюнча 27 644 жүргүнчүнү ташылган, жумасына эки жолу каттайт.
2. №305/306 Бишкек-Казань каттамы боюнча 25674 жүргүнчү ташылган, жумасына бир жолу каттайт;
3. №385/386 Бишкек-Новосибирск каттамы боюнча 20533 жүргүнчү ташылган, 8 күндө бир жолу каттайт.

Ал эми өлкө ичинде жалпысынан 197 610 жүргүнчү ташылган:
1. Шаар сыртындагы № 6050/6051 “Бишкек-1 – Токмок” багыты боюнча 55 002 жүргүнчү, күнүгө каттайт;
2. Шаар сыртындагы №6063/6064 “Бишкек-2-Кайыңды” багыты боюнча 123 424 жүргүнчү, күнүгө каттайт;
3. № 608/609 “Бишкек-2 – Рыбачье” багыты боюнча  жалпысынан 19 184 жүргүнчү,  анын ичинен 917 жүргүнчү модернизацияланган вагон менен ташылган.

Бардык жаңылыктар