Темир жол - кооптуу аймак! Өзүңүздүн жана башкалардын коопсуздугу үчүн эрежелерди сактаңыз!

28 Ноября 2022

Темир жолдордо жаракат алуунун негизги себептери – негизсиз шашуу жана этиятсыздык, темир жолдо өтүүдө коопсуздук эрежелерин сактабагандык.

Эсиңизде болсун, кыймылдуу курамдын алдындагы рельстерди кесип өтүүгө катуу тыюу салынат.

Темир жол рельстерин бойлоп басууга болбойт.

Өтмөктүн айланасындагы жарык жана үн белгилерине, эскертүү белгилерине жана илинген жарнактарга көңүл буруңуз.

Темир жол аркылуу өтүп жатып, телефон, наушник колдонууга тыюу салынат.

Платформанын четине жакындабаңыз, себеби аба толкуну сизди кулатып салышы мүмкүн.

Темир жолду кесип өтүү атайын жасалган жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдор аркылуу гана жүргүзүлүшү керек.

Поезд өтүп бара жаткан учурда, эң четки рельстен 5 метрден кем эмес алыс болуу зарыл.

Поезддер өтүп баратканда рельстердин ортосунда аралап жүрүүгө болбойт.

Мектепке чейинки курактагы балдарды темир жолго жакын чыгарууга болбойт/

Бардык жаңылыктар