Эмне үчүн поезд кыймылда болгон учурда өрттүн чыгуусу мүмкүн эмес?

30 Марта 2023

2023-жылдын 24-мартында Каямат-Курколдун 148-чакырымында 3912-чакырымынан 3935-чакырымына чейин (Ысык-Көл облусу, Тоң району) Боом капчыгайында темир жолдун боюнда өрт чыгып, куураган чөптөр жана куураган калдыктар күйгөн.

Өрттүн темир жолго жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча ыкчам чаралар көрүлгөн: өрттү өчүрүүгө «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын жол чарба филиалынан 28ге жакын темир жолчу тартылган. 

Ошол эле учурда социалдык тармактарда жергиликтүү тургундар жана жарандар өрт ошол күнү өтүп бара жаткан поезддин учкунунан улам чыккан деген пикирлерин билдиришкен.

Буга байланыштуу “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы эмне үчүн поезд кыймылда болгон учурда өрттүн чыгуусу мүмкүн эместигин түшүндүрөт.

Биринчиден, тепловоздун дөңгөлөктөрүнөн учкундун чыгуусу же күйүүсү мүмкүн эмес, анткени чоюн тормоздук колодкалар колдонулат. 

Экинчиден, РЗД-148ден Каямат-Курколду көздөй жүк ташуучу поездин темир жол профили (подъем) боюнча токтотууга жол берилбейт.    

Үчүнчүдөн, тепловоздун өзүндө атайын агрегат - учкун өчүргүч же мындайча айтканда, турбокомпрессор бар. Турбокомпрессордун иштөө принциби төмөнкүчө: коллекторлор аркылуу дизелдик цилиндрдан иштелип чыккан газдар атайын трубопровод менен учкун өчүргүчкө жана “газовая улиткага”, андан ары “сопловой аппаратка” келип түшөт. Ал жерде кеңейип, керектүү багытты көздөй жогорку ылдамдык менен турбинанын жумушчу “лопаткасына” келип, анын жардамы менен ротор айланып, кыймылга келет. 

Бул механизмдин жардамы менен тепловоздун өзүндө учкун пайда болушуна жол берилбейт.

Бардык жаңылыктар