«Кыргыз темир жолу» «EXPO EURASIA - KYRGYZSTAN 2023» Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүндө катышууда

30 Марта 2023

2023-жылдын 29-мартынан 31-мартына чейин «Кыргыз темир жолу» УК» МИсы «EXPO EURASIA - KYRGYZSTAN 2023» Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууда.

«Кыргыз темир жолу» УК» МИсынын кызматкерлери көргөзмөгө келген конокторго жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызматтар тууралуу маалымат беришүүдө, ошондой эле Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин ишкерлери менен бир катар консультацияларды беришет.

Бул жылы көргөзмөнүн темасы товарлардын жана кызматтардын кеңири спектрин камтыйт. Бул жерде катышуучулар кайра иштетүү жана жеңил өнөр жайдын продукциялары, бал жана сүт азыктары, транспорт, логистика, айыл чарба техникасы, энергетика менен таанышып, банк жана камсыздандыруу компанияларынын кызматтары тууралуу кеңири маалымат ала алышта.

Иш-чара КР Соода-өнөр жай палатасы тарабынан  уюштурулган.

Бардык жаңылыктар