«Балыкчы-Кочкор» темир жолунун куруу жумуштары жүрүүдө

31 Марта 2023

Туура бир жыл мурун, 2022-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулушунун башталышына старт берген.

Өткөн жылы пландалган 5 чакырым темир жол курулуп бүттү, жумуштар толугу менен “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин өздүк каражатынын эсебинен аткарылган. Суук түшкөнүнө байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтолуп, 2023-жылдын март айында аба-ырайы турукташкандан кийин жумуштар жанданды.

Быйыл 15 чакырымдан ашуун темир жол куруу пландалды. Учурда темир жолдун астынкы катмары курулууда, жумушарга 20 даана атайын техника, 30 жумушчу тартылган.  Ал эми рельстерди жана шпалдарды төшөөдө 100гө жакын темир жолчу, 30 даана атайын техника тартылат. Жумуштар толугу менен ишкананын өздүк каражатынын эсебинен аткарылууда.

Кошумчалай кетсек, «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» (186 чм) долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы - узундугу 63 чакырым болгон «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун участогун куруу саналат.

Бардык жаңылыктар