«Кыргыз темир жолу»: 2022-жылы 268 687 жүргүнчү жана 8 миллион тонна жүк ташылган

6 Апреля 2023

«Кыргыз темир жолу» УК» МИ 2022-жылы технологиялык процесстин талаптарына ылайык жүк ташуу иштерин жүргүзгөн. Алсак, 2022-жылы 8022,0 миң тонна жүк ташылып, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 361,5 миң тоннага көбөйгөн. Жүк ташуунун көбөйүшүнүн факторлорунун бири болуп, компаниянын 2021-2022-жылдары 100 жүк ташуучу жартылай вагон сатып алуусу саналат, алар Кыргыз Республикасына келгенден кийин дароо ишке киргизилген.

Ошондой эле «Кыргыз темир жолу» компаниянын ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп, калкты жүргүнчүлөрдү ташуу менен камсыздоо болуп саналат. 2022-жылы компания 268 687 жүргүнчү ташыган: эл аралык каттамда 14 272 жана ички каттамда 254 415 жүргүнчү ташыган.Эл аралык жүргүнчү поезддери 2022-жылдын 6-июнунан тарта каттай баштаган.

Мындан тышкары, туруктуу иштөө максатында ишкана кыймылдуу составдын жана темир жолдордун паркын калыбына келтирүүгө жана жакшы абалда кармоого багытталган тиешелүү иштерди жүргүзүп келет.

Ташуу процессинде коопсуздуктун зарыл талаптарын сактоо максатында компания кыймылдуу состав паркын (локомотивдер жана вагондор), темир жол рельстерин, жасалма курулмаларды, суу менен камсыздоо тутумдарын, электр менен камсыздоону жана коммуникацияларды өз каражаттарынын эсебинен тейлейт жана оңдойт. Ошону менен бирге темир жол сызыктарын, жолдун үстүнкү конструкциясындагы кемчиликтерди өз убагында аныктоо жана жоюу максатында тиешелүү адистер тарабынан темир жолдордун абалына тактоо иштери дайыма жүргүзүлөт.

2022-жылы 17,319 км темир жол оңдолуп, 11 жүргүнчү вагон капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Деполук оңдоодон 239 вагон өткөрүлгөн, анын ичинде 12 жүргүнчүлөрдү ташуучу жана 227 жүк ташуучу вагондор.

Бардык жаңылыктар