Кант-Ивановка перегонунда шпалдарды толук алмаштыруу иштери уланууда

11 Апреля 2023

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант-Ивановка перегонунда эскилиги жеткен жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарга толук алмаштыруу боюнча жолду күчөтүлгөн орточо оңдоо иштери уланууда.

Жалпысынан 4 чакырым алмаштырылат, 2 чакырымда жумуштар бүткөн. Бул аптада жумуштун 75% бүтөт.

Жумушка 100дөн ашык жумушчу жана 3 инженердик техника тартылган.

Иш-чара «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын 2023-жылга карата оңдоо иштеринин планына ылайык аткарылууда.

Бардык жаңылыктар