Бишкекте «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулушун биргелешип ишке ашыруу маселелери талкууланды

17 Апреля 2023

2023-жылдын 13-14-апрелинде Бишкек шаарында «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын делегациясынын «РЖД-Интернейшнл» ЖЧК жана «Российский экспортный центр» АКсы менен Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун курулушу боюнча жолугушуусу болуп өттү.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев жыйындын катышуучулары менен учурашып, «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Балыкчы – Кочкор - Кара-Кече темир жолун тиешелүү ТЖАТ системаларын (темир жолду автоматташтыруу жана телематика) биргелешип долбоорлоо, куруу, талаа долбоорлоо-изилдөө иштерин өткөрүү жана башка маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле, «Кыргыз темир жолу» жана «РЖД-Интернейшнл» ишканасынын өкүлдөрүнөн турган техникалык топ Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушун жеринде текшерип, иштин жүрүшү менен таанышышты.

Эске сала кетсек, инвестицияларды тартуу, ошондой эле бул долбоорду өз мөөнөтүндө аяктоо максатында, 2022-жылдын декабрь айында «Кыргыз темир жолу» УК» МИси, «Российский экспортный центр» АКму жана «РЖД-Интернейшнл» ЖЧКнын ортосунда «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жол линиясын куруу долбоорун биргелешип ишке ашырууну иштеп чыгуу маселеси боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган.

Азыркы учурда "Балыкчы-Кочкор" темир жолунун курулушу "Кыргыз темир жолу "УК" МИнин күчү жана өз каражаттары менен ишке ашырылууда, 2022-жылы 5 чакырым темир жолу курулган.

Бардык жаңылыктар