ОКУУЧУЛАРЫНЫН АРАСЫНДАГЫ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШ-ЧАРАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ

20 Апреля 2023

Учурда темир жолчулар темир жолдун боюнда жайгашкан билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Маселен, 18-19-апрелинде темир жолчулар Чүй облусунун Панфилов, Москва жана Жайыл райондорунда жайгашкан билим берүү мекемелеринин жана мектептердин окуучулары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Адистер мектеп окуучуларына темир жолдогу коопсуздук эрежелери, темир жол өтмөгүндө өтүүдө эмнелерге көңүл буруу керек, кайсы тилкелерден өтүүгө болбойт ж.б.у.с. түшүндүрүштү.

Темир жолчулар белгилегендей, жаракаттардын негизги себептери болуп темир жолдо адамдардын негиссиз жүргөнү саналат, бул болсо өз кезегинде кыймылдуу состав менен кагылышуу коркунучун жаратат. Мындай жагдай жаралганда адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн машинисттер поездди чукул токтотушат, бирок поезддин токтотуу аралыгы 800 метрден 1200 метрге чейин жеткендиктен, поезд дароо токтобойт.

Кыргыз Республикасынын «Темир жол транспорту жөнүндө» Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, темир жол коркунучтуулугу жогорку аймак болуп саналат. Адамдардын темир жолдо жүрүүсүнө тыюу салынат, темир жолду белгиленген жерлерден гана кесип өтүү керек. Поезд менен автотранспорттун кагылышуусу транспорт каражаттарынын айдоочуларынын Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелерин одоно бузгандыгынан келип чыгат.

Темир жолго бөтөн нерселерди, таштарды, металл буюмдарды таштоо, светофордун линзаларын сындыруу, темир жолдун темир бөлүктөрүн металл сыныктары үчүн уурдоо фактылары дагы эле катталууда. Мына ушулардын бардыгы поезддердин участокто кечиктирилишине, поезддердин графигинин бузулушуна, натыйжада темир жолдун чыгымга учурашына алып келет.

Буга байланыштуу «Кыргыз темир жолу» темир жолдогу жеке коопсуздук эрежелерин эске салат:
- кыймылдуу курамдын алдындагы рельстерди кесип өтүүгө катуу тыюу салынат;
- темир жол рельстерин бойлоп басууга болбойт.
- өтмөктүн айланасындагы жарык жана үн белгилерине, эскертүү жана илинген жарнактарга көңүл буруңуз.
- темир жол аркылуу өтүп жатып, телефон, кулакн (наушник) колдонууга тыюу салынат.
- платформанын четине жакындабаңыз, себеби аба толкуну сизди кулатып салышы мүмкүн.
- темир жолду кесип өтүү атайын жасалган жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдор аркылуу гана жүргүзүлүшү керек.
- балдарды темир жолго жакын чыгарууга болбойт, чоңдордун көзөмөлүсүз темир жолдун жанына калтырбаңыз.

Статистика.
2022-жылы темир жолдо 155 жолу поезддерди  чукул токтотуу фактылары катталган. Алар:
- 98 факты темир жолго адамдардын чыгып алганына байланыштуу, жыйынтыгында 10 адам жаракат алган жана 9 адам каза болгон. 79 учурда поезддердин кагылышуусу алдын алынган жана адамдардын өмүрү сакталган;
- транспорт каражаттарынын айдоочулары тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча 31 факты (поезд жеңил унаалар менен кагылышынан 4 факты, 2 адам жабыркаган);
- 26 учурда темир жолдо мал-жандыктар болгонуна байланыштуу.

Бул иш-чара «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын 2023-жылга карата темир жол транспорту өткөн аймактарда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча мерчемине ылайык өткөрүлүүдө.

Бардык жаңылыктар