Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Ысык-Көл облусундагы бир катар социалдык-экономикалык долбоорлордун курулушунун жүрүшү менен таанышты

29 Апреля 2023

"Кыргыз темир жолу” УК” МИнин башкы директору Азамат Сакиев “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жолунун учурдагы курулуш иштери боюнча, атап айтканда, Балыкчы-Кочкор темир жол тилкесинде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Курулуш иштери 2022-жылдын 31-мартында башталган. Бүгүнкү күндө 5,9 км жер асты катмары курулуп, 5,0 км жолдун үстүнкү курулмасын төшөө иштери аяктады. Ошол эле учурда 5,1ден 5,9га чейин жолдун төмөнкү курулмасы жерлештирүү, майдаланган таш менен толтуруу, 7,2ден 8,4 чакырымга чейин жер иштери улантылууда. 2023-жылга 15 жана андан көп км жолду куруу пландалууда.

Бардык жаңылыктар