Бишкекте «Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун мындан ары ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды.

29 Апреля 2023

2023-жылдын 21-24-апрелинде Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалоо боюнча мамлекеттик комитетинин (ГКРР КНР) Чет элдик капиталды пайдалануу жана чет элдик инвестиция департаментинин директорунун орун басары Чжан Цзяньхуа башында турган делегациясы келди, делегациянын курамында Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Биринчи долбоорлоо - изилдөө институтунун адистери, Кытайдын темир жол администрациясы бар.

Кытай делегациясынын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинде (МТиК) Кыргыз Республикасы, Кытай жана Өзбекстан өкүлдөрү катышкан үч тараптуу жолугушуусу болуп өттү, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун аяктоо стадиясында турган техникалык-экономикалык негиздемесин, ошондой эле долбоорду практикалык ишке ашырууну тездетүү боюнча кийинки кадамдарды кабыл алууну талкуулашты. Кыргыз тараптан жолугушууга (МТиК) жетекчилиги,  «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин, КР Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, КР Финансы министрлигинин, ал эми өзбек тараптан Өзбекстан Республикасынын Транспорт министрлигинин Темир жол транспортун өнүктүрүү департаментинин жана “Узбекские железные дороги” логистика жана санариптешүү Башкы Башкармалыгынын жетекчилери катышты.


(ГКРР КНР) делегациясы кыргызстандык адистер менен бирге Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин түштүк филиалында болушту, жеринде темир жол өтүүчү линиясынын бир катар участокторун карап чыгышты.


Кытай делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын жүрүшүндө тараптар бул долбоорго катышуучу-өлкөлөрдүн экономикасы үчүн гана эмес, бүтүндөй регион үчүн маанилүүлүгу жана чексиз пайдалуулугун дагы бир жолу ырасташты, эл аралык транспорттук-логистикалык чынжырдагы кырдаалдын фонунда ишке ашыруунун актуалдуулугун белгилешти.

Бардык жаңылыктар