Боом капчыгайында 15-19-май күндөрү таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт

13 Мая 2023

«Кыргыз темир жолу» УК» МИ маалымдайт: 2023-жылдын 15-майдан 19-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3901 км) коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт.

Жумуштар КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар