Темир жолчулар ишембилик өткөрүштү

10 Июня 2023

Бүгүн, 10-июнь күнү «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты.

Темир жолчулар күрөк, айры, шыпыргы менен куралданышып, айлананы таштандылардан тазалай башташты.

Аталган иш-чарага "Кыргыз темир жолу" ишканасынын борбордук аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле ишкананын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аймактык бөлүмдөрүнүн жана станцияларынын кызматкерлери катышты.

Эскерте кетсек, бүгүн жалпы республикалык ишембилик. Иш-чара социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында өткөрүлүүдө.

"Кыргыз темир жолу " УК” мамлекеттик ишканасы айлана-чөйрөнү жакшыртууга өз салымын кошту.

Бардык жаңылыктар