«КЫТАЙ-КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН-АФГАНИСТАН» МУЛЬТИМОДАЛДЫК КАТТАМЫ

11 Июля 2023

2023-жылдын 5-7-июлунда Кытай Эл Республикасынын Ланьчжоу шаарында Кыргызстан, Өзбекстан темир жол администрацияларынын делегациялары жана Кытай Эл аралык логистикалык компаниясынын ортосунда жолугушуу болуп өттү.

Талкуунун негизги темалары жаңы мультимодалдык маршрут боюнча жүк ташуу жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү болду. Кыргызстандын делегациясын «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин Башкы директору Азамат Сакиев жетектеди.

Иш – чаранын жүрүшүндө катышуучулар «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Афганистан» мультимодалдык коридору боюнча жүк ташууну уюштуруу жана кошумча көлөмдөгү жүктөрдү тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар мындан аркы кызматташуу жана аталган мультимодалдык каттам боюнча жүк ташуу шарттарын жакшыртуу боюнча макулдашууга жетишишти.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар ортосунда мультимодалдык каттамды өнүктүрүү жана жаңы Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан - Ооганстан эл аралык интермодалдык поездин биргелешип өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумуна кол коюшту.

Бардык жаңылыктар