Бишкек-Балыкчы багытында жүргүнчүлөрдү ташыган ВИП-вагонго билеттер сатыкка чыкты

19 Июля 2023

Урматтуу жүргүнчүлөр! 2023-жылдын 19-июлунда саат 14:00дөн тарта Бишкек-2 - Балыкчы багыты боюнча каттай турган ВИП жүргүнчү ташуучу вагонго билеттерди сатып алсаңыз болот.

ВИП вагон ушул жума күнү, тагыраак айтканда 21-июлда каттап баштайт.

Билет баасы: чоңдорго - 800 сом, балдарга - 400 сом.

«Бишкек-2 – Балыкчы» поезди Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан «Бишкек-2» бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан «Балыкчы» бекетине саат 11:46да келет.

«Балыкчы– Бишкек-2» поезди «Балыкчы» бекетинен саат 17:48де жөнөйт, «Бишкек-2» бекетине 21:54тө келет.

Бул вагон бардык коопсуздук талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан, чоң радиустуу панорамалык терезелерди орнотууга мүмкүн болгудай кузовдун структуралык бөлүгү бекемделген. Вагондун улуттук стилде жасалган ички жасалгасы маанилүү элемент болуп саналат, андыктан дубалда кыргыз элинин байыркы оюмдары түшүрүлгөн этникалык стилдеги панно жайгашкан. Вагондо кыргыз оюулар менен кооздолгон жумшак дивандар, жаздыктар жана пардалар жагымдуу атмосфераны тартуулайт.

Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн ВИП классындагы вагондо кыш-жай кондиционер тутуму, стерео система, телевизор жана wi-fi орнотулган. Мындан тышкары, суусундуктарды сатып алуу үчүн муздаткыч бар.

Көлөмдүү панорамалык терезелер жүргүнчүлөргө Чүй жана Ысык-Көл облустарынын кооз жерлерин сүрөткө жана видеого тартууга мүмкүндүк берет, ал эми Боом капчыгайы өзүнүн кооздугу менен бардык саякатчыларды таң калтырып келет, биздин жарандарды дагы, чет элдик туристтерди дагы кубандырат.

Тел.: 0705 076696
(0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40

Бардык жаңылыктар