Кантта темир жолдогу коопсуздук эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

14 Сентября 2023

2023-жылдын 13-сентябрында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кант мэриясында темир жолчулар жергиликтүү тургундарга, билим берүү мекемелеринин жана мектептердин окуучулары арасында темир жол коопсуздук эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Темир жолчулар белгилегендей, кырсыктын  негизги себептери болуп темир жолдогу коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы эсептелет.

Кырсыкты  алдын алуу үчүн машинисттер поездди чукул токтотушат. Бирок токтотуу аралыгы 800 метрден 1200 метрге чейин баргандыгына байланыштуу поезд дароо токтобойт. Темир жолго бөтөн нерселерди, таштарды, металл буюмдарды таштоо фактылары дагы эле катталууда.

Мына ушулардын бардыгы поезддердин участокто кечиктирилишине, поезддердин графигинин бузулушуна, натыйжада темир жолдун чыгымга учурашына алып келет.

Түшүндүрү иштери Ысык-Ата районунун айыл аймактарында уланууда. Ушундай эле иш чаралар башка райондордо да өткөрүлөт. Темир жолчулар мындай түшүндүрүү иштерин жыл сайын тынымсыз жүргүзүп турушат.

Статистика:
2023-жыл башынан бери темир жолдо 76 жолу поезддерди  чукул токтотуу фактылары катталган. Анын ичинен 67 учурда  кагылышуу алдын алынып, адамдардын өмүрү сакталган. Тилеке каршы 3 адам жаракат алып, 6 адам каза болгон.

Бардык жаңылыктар