«Кыргыз темир жолу» УК» МИси мамлекеттик мүлктү ижарага алуу боюнча ачык аукцион тууралуу маалымдайт

20 Октября 2023

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемеси тарабынан «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин балансында турган «Аксуу» мамлекеттик мүлк комплексин ижарага берүү келишимин түзүү укугуна аукцион жарыялады.

Аукционист: «Аукциондук борбор» мамлекеттик мекемеси
Ижарага берүүчү: «Кыргыз темир жолу» УК» МИси
Аукциондун күнү: 2023-жылдын 20-ноябры
Убактысы: 12:00
Объекттин жайгашкан жери: Бишкек ш., Түгөлбай-Ата көчөсү, 1/5
Объектинин аянты: 1525 кв.м.
Ижара мөөнөтү: 15 жыл
Эскертүү: Шарттары менен аукцион
Аукциондун баштапкы баасы: 328 103,00 сом
Кепилдик төлөм: 500 000,00 сом
Ар бир кадамдын баасы: 33 000,00 сом

Жалпы маалыматтар
Мамлекеттик мүлк 1525 чарчы метр жер участогунда жайгашкан жана жер төлөөсү жана мансардасы бар эки кабаттуу турак эмес жайдан, 3 кампа жана 2 бастырмадан турат.

Жер төлөөсү жана мансардасы бар 2 кабаттуу турак эмес жайдын жалпы пайдалуу аянты 593,4 чарчы метрди түзөт.

Биринчи кабаттын аянты - 239,3 кв. м., экинчи кабаттын аянты - 260 кв. м., мансард кабатынын аянты - 41,3 кв. м., жер төлөөнүн кабатынын аянты - 52,8 кв. м., ошондой эле чарбалык курулуштардын аянты - 391,4 кв. м.: кампа жайлары - 239,7 кв. м., бастырмасы -151,7 кв. м.

Объект Түгөлбай-Ата көчөсүнүн боюнда жайгашкан, эки кабаттуу имаратка үч кире бериш, өзүнчө тозулган участок, объекттин аймагына борбордук көчөдөн өзүнчө кире бериш жери бар.

Суу түтүктөрү жана борбордук жылытуу системасы бар. Техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык оңдоо талап кылынат.

Келишим боюнча бөлөк шарттар
Имараттарды, жайларды эксплуатациялоого, капиталдык оңдоого кеткен жана ошондой эле коммуналдык кызматтарга кеткен чыгымдар ижарачынын эсебинен.

Капиталдык оңдоп-түзөө мезгилинде, ижара акысын төлөөнү кийинкиге калтыруу келишим түзүлгөн күндөн тартып 6 (алты) айдан ашпайт. Сметага ылайык оңдоо иштерине минималдуу чыгымдар 6 209 136 (алты миллион эки жүз тогуз миң бир жүз отуз алты) сомду түзөт.

Аукционго катышуу боюнча кошумча маалымат алуу үчүн "Аукцион борбору" мамлекеттик мекемесине кайрылуу керек.
Дареги - Бишкек шаары, Москва көчөсү, 151.

Аукцион Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы №183 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык өткөрүлөт.

Бардык жаңылыктар