«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы 2023-жыл аралыгында алгылыктуу иш алып барды

11 Декабря 2023

Ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу.

Жүк ташуу

2023 – жылдын 10 айында 7 млн.456 760 тонна көлөмүндө жүк ташылды, салыштырмалуу 2022-жылдын тийиштүү мезгилинде 6 млн.474 166 тонна жүк ташылып, быйыл өсүш 982 594 тоннаны түздү. Өсүү Кыргыз Республикасына импортту 112,1%га көбөйтүүнүн, ошондой эле экспортту 151,9 % көбөйтүүнүн эсебинен, ошондой эле “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Афганистан”, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан”, “АТР - Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан-Түркмөнстан - Азербайжан – Грузия – Түркия – Европа” мультимодалдык коридорлорунун ишке ашырылышы, 2021-2022-жылдары сатылып алынган  100 жүк ташуучу вагондордун пайдаланууга берилишинин жыйынтыгы жана калктын муктаждыктарынын көбөйүүсү болуп саналат. Түркия, Словакия, Румыния, Польша, Нидерланд жана Венгрия сыяктуу өлкөлөргө темир жол транспорту менен экспорттук жүк ташуулардын жаңы түрлөрүнүн ачылышынын эсебинен Кыргыз темир жолунун түштүк бөлүмүндө жүк ташуулардын көлөмүнүн өсүшү байкалууда. АТР - Кытай-Кыргызстан - Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан - Грузия – Түркия - Европа мультимодалдык коридорун өнүктүрүүгө багытталган иштер уланууда.

Жүргүнчү ташуу:
Жалпысынан 211 886 жүргүнчү ташылды, анын ичинде эл аралык каттам боюнча 12 617 жүргүнчү жана республикалык ички ташууларда 199 269 жүргүнчү.  Үстүбүздөгү жылдын жайында Бишкек - Балыкчы каттамы боюнча VIP жүргүнчү ташуучу вагон даярдалган. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн вагон кышкы-жайкы кондиционер системасы, стерео система, телевизор, муздаткыч, Wi-Fi жана башкалар менен жабдылган. Туристтик компаниялардын өтүнүчү менен Балыкчы бекетине бара турган чет элдик туристтик поезддердин курамына Люкс жана ВИП вагондору киргизилген. Туристтик поезд Европа жана Америкадан келген туристтер Кыргызстанга 6 жолу каттаган.

Оңдоо иштери:
Поезддердин кыймылынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуунун максатында төмөнку жумуштар аткарлыды: темир-бетон шпал төшөө – 9885м; жаңы рельстерди төшөө - 3425 м; жалпы 211 вагон оңдолду, анын ичинен  капиталдык оңдоо – 22 вагон, деполук оңдоо - 189 вагонго жүргүзүлдү.
«Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолу:
2023-жылга 15 км темир жолун  куруу  иштери пландалып, толугу менен алдынкы катмары аяктап жатат, темир-бетон шпалдарды жана рельстерди төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, саздак тилкеде 1300 м узундуктагы георешеткалар орнотулуп, жамгыр жана сел сууларын агызып туруу үчүн 10 даана суу өткөргүч түтүк төшөлдү. Учурда жумуштар уланууда.

Кызматкерлердин эмгек акысы 15%га жогорулады.

Бардык жаңылыктар