«Кыргыз темир жолу» УК» МИ мамлекеттик компаниялардын ичинен 2023-жылдын эң мыкты ишканасы деп табылды

29 Декабря 2023

2023-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте мамлекеттик ишканалардын ишинин жыйынтыгын чыгарууга арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чара мамлекеттик ишканалардын жетишкендиктерин жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилөө максатында уюштурулду. Мамлекеттик компаниялардын ичинен 2023-жылдын мыкты ишканасы деп «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы табылды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ишкананын ийгиликтүү иштешинин негизги көрсөткүчтөрүн – капиталдын жана активдердин туруктуу өсүшүн, Кыргыз Республикасынын ички темир жол тармагын жигердүү өнүктүрүүнү, темир жол тармагына жүктөрдүн жана жүргүнчүлөрдүн кошумча түрлөрүн тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү белгиледи. «Кыргыз темир жолу» ошондой эле санариптик технологияларды киргизүү жана техникалык кайра жабдууну жүргүзүү, ошону менен көрсөтүлүүчү кызматтардын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу боюнча алдыңкы катарда турат.

Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө ишкананын  Азамат Сакиев «Мамлекеттик мүлктү башкаруу тутумунун мыктысы» жеке төш белгиси менен сыйланды.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын кеңейтүүгө, темир жол транспортунун туруктуулугун жана коопсуздугун төмөнкү жолдор аркылуу камсыздоого багытталган ырааттуу реформаларды жүргүзүүдө:
- Кыргыз Республикасынын ички темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу;
- санариптик технологияларды киргизүү жана тармакты техникалык жактан кайра жабдуу.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Кыргыз Республикасында темир жол транспорту менен жүк ташуу көлөмүнүн бир кыйла өсүүсү байкалды. 2023-жылы жүк ташуулардын өсүшү 2022-жылга салыштырмалуу 1 миллион тоннадан ашык жүктү түзөт: 2023-жылы 9 миллион тоннадан ашык жүк ташылган болсо, 2022-жылы 8 миллион тонна жүк ташылган. Ташуудагы эң чоң өсүш Түркия, Словакия, Румыния, Польша, Нидерландия жана Венгрия сыяктуу өлкөлөргө темир жол аркылуу экспорттук ташуулардын жаңы түрлөрүнүн ачылышынан улам байкалууда.

Контейнерлерди Кытайдан Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Афганистанга транзит менен ташуу боюнча пилоттук долбоор ийгиликтүү болду. Бул ташуунун маанилүү натыйжасы катары белгилей кетүү керек, бул мультимодалдык коридор боюнча ташуу пландаштырылган 14 күндүн ордуна 9 гана күндү талап кылган. Буга чейин Кытайдын жүктөрүн Ооганстанга жеткирүүгө 2 айдан ашык убакыт кеткен. Азия-Тынч океан өлкөлөрү – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан – Грузия – Түркия – Европа мультимодалдык коридорун өнүктүрүүгө багытталган иштер жигердүү жүргүзүлүүдө .

Иран - Түркмөнстан - Өзбекстан - Кыргызстан пилоттук контейнердик поездди ишке киргизүү маселеси каралууда.
2022-2023-жылдары Люкс жана VIP деген эки люкс вагону модернизацияланган. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн вагон кышкы-жайкы кондиционер системасы, стерео система, телевизор, муздаткыч, Wi-Fi жана башкалар менен жабдылган.  Туристтик компаниялардын өтүнүчү менен Балыкчы бекетине бара турган чет элдик туристтик поезддердин курамына Люкс жана ВИП вагондору киргизилген. Туристтик поезд Европа жана Америкадан келген туристтер Кыргызстанга 6 жолу каттаган.

Бул модернизациалянган вагондорду Бишкек- Балыкчы поездинде 2022 жана 2023-жылдардын жайкы мезгилдеринде жүргүзүүнүн жыйынтыгында 8942 жүргүнчү ташылган. Белгилей кетсек, жай мезгилиндеги киреше 2023-жылдын 9 айында түшкөн жалпы кирешенин 40% түзгөн. Ошол эле учурда 2023-жылдын 9 айында ташылган жүргүнчүлөрдүн жалпы санынын 4%дан ашпаганы бул вагондор менен ташылган.
Эмгек акынын 15%га өсүшү: кызматкерлердин мотивациясына жана кесипкөйлүгүнө инвестиция.

Санариптештирүү: «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын аппараттык-программалык комплексин модернизациялоо, заманбап технологияларды жана программалык-аппараттык системаларды колдонуу менен жүк ташууларды башкаруунун жаңы автоматташтырылган системасына өтүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө ишканада документ жүгүртүүнү автоматташтыруунун, ошондой эле «КТЖ» УК» мамлекеттик ишканасынын, Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик  салык кызматы менен Мамлекеттик бажы кызматынын ортосунда  «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу келип түшкөн жүктөр боюнча электрондук алдын ала кабарлоо системасын колдонуунун конкреттүү натыйжалары бар.

Ички темир жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун алкагында төмөнкү темир жол долбоорлору боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө:
- Узундугу 311 км болгон «Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан»;
- «Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече- Макмал», узундугу 316 км, эки этап менен: «Балыкчы – Кочкор» (63 км) жана «Кочкор - Кара-Кече» (123 км). Балыкчы - Кочкор долбоорунун алкагында компаниянын өздүк каражаттарынын жана каражаттарынын эсебинен 20 км жол салынды.
Бул жетишкендик «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин туруктуу өнүгүүгө умтулуусун гана эмес,  өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын модернизациялоого кошкон олуттуу салымын да чагылдырат.

Бардык жаңылыктар