“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы 2023-жылы жигердүү иш алып барып, мамлекеттик компаниялардын ичинен 2023-жылдын “Мыкты мамлекеттик ишканасы” деп табылды

18 Декабря 2023

Жүк ташуу: 2023-жылдын аягына чейин ишкана 9 миллион 326 миң 400 тоннага жакын жүк ташууну пландаштырса, салыштырмалуу 2022-жылы 8 миллион 022 миң тонна жүк ташылган. Быйыл өсүш дээрлик 1 млн 304 400 тоннаны түзөт.

Жүк ташуулардын эң чоң өсүшү Түркия, Словакия, Румыния, Польша, Нидерланд жана Венгрия сыяктуу өлкөлөргө темир жол транспорту менен экспорттук ташуунун жаңы түрлөрүнүн ачылышы менен байкалган. АТР – Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан – Түркмөнстан – Азербайжан - Грузия – Түркия - Европа мультимодалдык коридорун өнүктүрүүгө багытталган иштер жигердүү жүргүзүлүүдө.

Жүргүнчү ташуу:
2022-2023-жылдары Люкс жана ВИП жогорку ыңгайлуулуктагы эки вагон модернизацияланган. Жогорку ыңгайлуулуктагы вагондордун каттамынан түшкөн киреше жалпы кирешенин 40%зын түздү. Ошол эле учурда 2023-жылдын 9 айында ташылган жүргүнчүлөрдүн жалпы санынын 4%дан ашпаганы аталган вагондор менен ташылган. 

Долбоорлор:
Ички темир жол тармагын өнүктүрүү алкагында төмөнкү долбоорлору боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө:
- Узундугу 311 км болгон “Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу;
- “Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече- Макмал”, узундугу 316 км, эки этап менен: “Балыкчы – Кочкор” (63 км) жана “Кочкор - Кара-Кече” (123 км). “Балыкчы – Кочкор” долбоорунун алкагында компания өз күчү жана каражаттарынын эсебинен 20 км темир жол курду.

Санариптешүү:
Компания аппараттык-программалык комплексин модернизациялоо, заманбап технологияларды жана программалык-техникалык комплекстерди колдонуу менен жүк ташууларды башкаруунун жаңы автоматташтырылган системасына өтүү боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүүдө.
Эмгек акынын 15%га көбөйүшү кызматкерлердин мотивациясына жана кесипкөйлүгүнө инвестиция болуп саналат.

“Кыргыз темир жолу” - 2023-жылдын  “Мыкты мамлекеттик” ишканасы!

Бардык жаңылыктар