100 жылдан бери «Кыргыз темир жолу» Кыргыз Республикасынын жалгыз улуттук темир жол ташуучусу болуп саналат

22 Января 2024

1924-жылы салынып бир эле бутактан башталган, азыркы учурда компаниянын карамагында 424,6 чакырым темир жол, 28 бекет бар, ал эми ишкананын штатында 5000ден ашык кызматкер эмгектенет.

Жыл сайын «Кыргыз темир жолу» 300 миңден ашык жүргүнчүлөрдү, ошондой эле дүйнөнүн 35тен ашык өлкөсүнө жүктөрдү ташыйт.
2021-жылы «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигине жаңы команданын келүүсү ишкананын өнүгүүсүнө күчтүү түрткү берди.

Акыркы эки жылдын ичинде эле компаниянын капиталы дээрлик жети эсеге өстү, мамлекеттик бюджетке, өнөктөш компанияларга, темир жол администрацияларына болгон карыздары жоюлду.

Негизги басым темир жол инфраструктурасын модернизациялоого, кыймылдуу курамды жаңыртууга жана технологиялык процесстерди оптималдаштырууга жасалды, бул өз кезегинде миллиондогон каражаттарды үнөмдөөгө алып келди.

Компаниянын кирешелүүлүгүнүн аркасында эмгек акыны 15%га жогорулатуу мүмкүн болду, 35 даана өндүрүштүк багыттагы атайын техника жана кызматтык унаалар, жүз жаңы жүк ташуучу вагондор сатылып алынып, кыймылдуу курамдын 1000ден ашуун бирдиги оңдолуп, 40 чакырымдан ашуун темир жолдор жаңыртылды, бул поезддердин кыймылынын ылдамдыгын бир кыйла тездетти.

Ошондой эле 32 объектиде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, 2 миң гектардан ашык жер баланска киргизилген.

Жүк ташуу тармагындагы жетишкендик болуп, Кытайдан Европа өлкөлөрүнө жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берген 3 мультимодалдык коридордун ачылышы саналат. Бул долбоордун ийгилигинин көрүнүктүү мисалы катары Кытайдан Ооганстанга, Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу жүктөрдү 14 күндүн ичинде ташып жеткирүү эсептелет, бул жеткирүүлөр үчүн буга чейин 2 ай талап кылынган.

Бишкек менен Балыкчынын каттамындагы жакшыртылган Вип жана Люкс классындагы вагондор пайдаланууга берилди. Бул вагондордун ишке киргизилиши жүргүнчүлөрдү ташуудагы жылдык кирешени 2 эсеге көбөйттү.

Өлкөнүн Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин жана Министрлер кабинетинин колдоосунун аркасында Кыргыз Республикасынын улуттук экономикасын өнүктүрүү үчүн стратегиялык зор мааниге ээ болгон амбициялуу жана чечкиндүү долбоорлор ишке ашырыла баштады. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө жалпы оң социалдык-экономикалык натыйжага ээ болот жана калкка көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтарды кеңейтүүгө, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө олуттуу көмөк көрсөтөт. Жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Кытай менен Кыргызстандын, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана андан кийин Иран, Түркия жана Евробиримдиктин рынокторунун ортосунда жүктөрдү жеткирүүнү камсыз кылат. Долбоор ошондой эле транспорттук багыттарды өзгөртүү жана эл аралык транспорттук-транзиттик хаб катары региондун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча Борбордук Азия мамлекеттеринин максаттарына шайкеш келет.

Мамлекет башчысы Жапаров Садыр Нургожоевич 2022-жылдын жазында старт берген «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече-Макмал» экинчи масштабдуу долбоору компаниянын өз каражаты жана күчү менен ишке ашырылууда. Бул стратегиялык долбоор Кыргызстандын инфраструктурасын гана бекемдебестен, Макмал аймагындагы жүктөөчү бекет аркылуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору менен байланышып, өлкө ичинде бирдиктүү темир жол тармагын түзүүдө негизги ролду ойнойт. Жолдордун бирдиктүү тармагы ташуулардын каттамдарын кыскартууга мүмкүндүк берип, коңшу мамлекеттердин 1000деген чакырым темир жолдорунда жүктөрдү ташуу зарылдыгын жокко чыгарып, Борбордук Азия регионунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

2024-жылы «Кыргыз темир жолунун» түптөлүшүнө туура 100 жыл толот. Эң биринчи поезд 1924-жылы 8-августунда азыркы Бишкек-1 бекетине келген. Заманбап динамикалык дүйнө кыйынчылыктарды да, мүмкүнчүлүктөрдү да жаратат. Анын бир бөлүгү болуу көп күч жана энергияны талап кылат. «Кыргыз темир жолунун» кызматкерлери ишкананын жыл сайын өнүгүүсүнө, темир жол ташуу процессин уюштурууга жаңы ыкмаларды киргизүүнү камсыз кылуу үчүн зор тажрыйбага жана потенциалга ээ.

Бардык жаңылыктар