“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жаңы жабдууларды алуу менен кеңейтүүдө

7 Февраля 2024

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы эксплуатация учурунда кыймылдуу курамдын дөңгөлөктөрүн калыбына келтирүү үчүн заманбап жабдууларды ишке киргизди.

ТРИОНФАТОР деп аталган Ижевскиде сатылып алынган жаңы жабдуу мурда көп убакытты талап кылган процессти салыштырмалуу эки эсе ыкчам аткарат. Бул жабдуунун салмагы 20 тонна.

Буга чейин компания 1996-жылдагы эски станокту, эскирген программалык камсыздоону колдонгон - бир дөңгөлөк жупту оңдоо үчүн 30 мүнөттөй убакыт талап кылынган. Бирок, жаңы заманбап TRIONFATORE жабдуулары иштетүү убактысын 15 мүнөткө чейин кыскартат. Бул өз кезегинде өндүрүштүн натыйжалуулугун бир топ жакшыртат.

Жаңы жабдуулардын маанилүү артыкчылыктарынын бири — анын вагондордун дөңгөлөк комплекттерин гана эмес, тепловоздорду да иштетүүгө жөндөмдүүлүгү. Буга чейин тепловоздун дөңгөлөктөрүн оңдоо үчүн чет өлкөдө кызмат көрсөтүүгө буйрутма берүү талап кылынчу, бул кошумча транспорттук чыгымдарды жана узак убакытты талап кылган. Эми жаңы жабдуунун аркасында бул процессти жеринде бүтүрүп, убакытты жана ресурстарды үнөмдөөгө өбөлгө түзөт.

Жаңы комплекс да компакттуу жана тейлөөгө оңой, бул өндүрүш муктаждыктары үчүн идеалдуу чечим болуп саналат. Өндүрүүчү тарабынан бир жылдык кепилдик мөөнөтү берилген. 

Бул жабдууну иштетүү үчүн компаниянын адистери окуудан ийгиликтүү өтүп, жаңы жабдуулар менен иштөөгө даяр. Жүргүзүлгөн сыноолор ТРИОНФАТОРдун ишинин жогорку натыйжалуулугун жана сапатын тастыктады.

Бардык жаңылыктар