«ЛОКОМОТИВ»: ЖАҢЫ МУЗДАТУУЧУ ЖАБДЫК ТОЛУК КАНДУ ИШТЕП ЖАТАТ

21 Февраля 2024

«Кыргыз темир жолу» УК» МИнин «Локомотив» спорттук–ден соолукту чыңдоо комплексинин негизги максаты ишкананын кызматкерлери жана шаар тургундары үчүн эс алууну жана спорттун активдүү түрлөрү менен машыгууну уюштурууга багытталган.

Компаниянын түзүмдүк бөлүмдөрүн модернизациялоонун алкагында 2023-жылы компания «Локомотив» комплексинин муздаткыч жабдууларын толугу менен жаңыртты. Жабдууларды жаңыртуу жыл бою коньки тебүүнү, театралдык оюн-зоок көрсөтүүлөрдү, көркөм муз тебүү жана хоккей мектептерин өнүктүрүүгө, ошондой эле жабык муз комплексинде оюн-зоок программаларын өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Буга чейин техникалык мүмкүнчүлүктөр чектелүү болгондуктан муз аянтчасы жылына 3-4 ай гана иштечү.

«Локомотив» комплекси тарабынан көрсөтүлүүчү спорттук-ден соолукту чыңдоо кызматтарына: фигуралык муз тебүү, хоккей, мини футбол, борбордун жашоочулары үчүн күрөш залы жана муз аянтчасы, ошондой эле коомдук тамактануу жайы кирет.

Жалпы аянты 1122 кв.м (51 м. х 22 м.) болгон музда бир убакта 150 адам болушу мүмкүн. 850дөн ашык орундуктар бар.

Комплекс керектүү стандарттарга жооп бергендиктен, эс алуу жана спорт менен бирге кесипкөй спортчулар үчүн машыгууларды, оюндарды, мелдештерди өткөрүүгө болот.

Бардык жаңылыктар