Окуучулар арасында темир жолдогу коопсуздук эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

18 Марта 2024

2024-жылдын 18-март күнү Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушунда жайгашкан №82 орто мектебинде темир жолчулар окуучулары арасында темир жол коопсуздук эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Темир жолчулар белгилегендей, кырсыктын негизги себептери болуп темир жолдогу коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы эсептелет.
Кырсыкты алдын алуу үчүн машинисттер поездди чукул токтотушат. Бирок токтотуу аралыгы 400 метрден 800 метрге чейин баргандыгына байланыштуу поезд дароо токтобойт. Темир жолго бөтөн нерселерди, маселен таштарды, металл буюмдарды таштоо фактылары дагы эле катталууда. Мына ушулардын бардыгы поезддердин кечиктирилишине, графигинин бузулушуна, натыйжада темир жолдун чыгымга учурашына алып келет.

Ушундай эле иш чаралар темир жолго жакын жайгашкан мектептерде да өткөрүлүүдө. Темир жолчулар мындай түшүндүрүү иштерин жыл сайын тынымсыз жүргүзүп турушат.

Кошумчалай кетсек, коопсуздукту сактоо максатында 2023-жылы "Ала-Тоо" конушунда жайгашкан Сокулук-Бишкек-1 перегонунда темир жолго 1,5 км узундуктагы тосмолор орнотулган.

Статистика:
2023-жыл башынан бери темир жолдо 128 жолу поезддерди чукул токтотуу фактылары катталган. Анын ичинен 111 учурда кагылышуу алдын алынып, адамдардын өмүрү сакталган. Тилекке каршы 10 адам жаракат алып, 7 адам каза болгон. Бул окуялар темир жолдогу коопсуздук эрежелеринин сактабагандыктан келип чыккан.

Бардык жаңылыктар