Ташкент шаарында Ташкент-Рыбачье поезд каттамынын бет ачаары өткөрүлдү

29 Мая 2018

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында алгачкы жолу Кыргызстандын туристтик жарманкеси болуп өттү.

Ага Кыргызстандын туристтик компанияларынын жана мейманканаларынын өкүлдөрү катышты.

Бул иш-чарага “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү да катышып, Ташкент-Рыбачье поезд каттамынын бет ачаарын өткөрдү. Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Бактыбек Ниязалиев аталган багыт боюнча кеңири маалыматтарды берип, атайын жарнама көргөздү. Өзбекстандан келген туристтик компаниялардын суроолоруна жоопторду берди. Атайын кызыгып маалымат алууну көздөгөндөр үчүн жарманкенин экинчи күнүндө ачык эшиктер күнү болуп өттү. Жыйынтыгында бир катар туристтик команиялар менен макулдашуулар түзүлдү.

Эске салсак, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда буга чейин мындай жарманкелер болгон эмес. Акыркы мезгилде Кыргыз-Өзбек кызматташтыгы жакшырып эки тараптуу мамиле өнүгүү жолуна түштү.

Жарманке Кыргызстандын туристтик департаментинин колдоосу менен  Туристтик Асоциациясы тарабынан уюштурулду.

Бардык жаңылыктар