Темир жолчулардын кесиптик майрамын утурлап, темир жолдогу питомниктин башчысы Николай Мезенцев “Советтер Союзунун баатыры Калыйнур Усенбеков” медальы менен сыйланды.

1 Августа 2018

Коргонуу жана спорттук-техникалык уюмунун Борбордук Кеңешинин 2018-жылдын 20-июлундагы Токтомунун негизинде, Коргонуу жана спорттук-техникалык уюмунун Борбордук Кеңеши Мезенцев Николай Анатольевичти “Советтер Союзунун баатыры Калыйнур Усенбеков” медальы менен сыйлады.

Аталган жогорку сыйлык ага жаштарды патриоттук духта тарбиялоодо жана Кыргызстандын коргонуу жана спорттук-техникалык уюмунун Уставдык милдеттерин аткаруудагы эффективдүү жардамы үчүн ыйгарылып олтурат. Николай Мезенцев «Кыргыз темир жолу» ишканасынын аскерлештирилген күзөт кызматына караштуу питомниктин башчысы.

1995-жылы “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги ишканада кинологдор кызматын түзөт жана ал бир жылдан кийин аскерлештирилген күзөт кызматына караштуу питомник болуп уюштурулат. Питомникти Николай Мезенцев жетектейт.Учурда мында 13 кызматтык иттер өстүрлүп чыгарылды. Алар темир жолдогу стратегиялык объектилерди жана жүктөрдү кайтарышат. Ошондой эле наркотикалык жана жардыруучу заттарды издөөдө колдонушат. Иттерди вожатыйлар машыктырып кийин кинологдорго өткөрүп беришет. Аталган питомникти түптөөдө жана ушул деңгээлге чейин жеткирүүдө Мезенцев Николай Анатольевичтин эмгеги чоң.
 

Бардык жаңылыктар