«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Аппаратынын кызматкерлери жана бардык филиалдарынын башчылары ишембиликке чыгышты.

14 Сентября 2018

2018-жылдын 14-сентябрында «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы ишембилик уюштурду.

Бул күнү темир жолчулар Лев Толстой көчөсүнөн тартып, Садыгалиев көчөсүнө чейинки аралыкты тазалап чыгышты. Таштандылар алынып, жол жээктери ирээтке келтирилди. Ошондой эле Пишпек эс алуу багынын тегереги тазаланды.

Ал эми буга чейин 300 даана жаш көчөттөр отургузулган “Темир жолчулар аллеясы” такай көзөмөлгө алынган.
Мындай жашылдандыруу ишембиликтери «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында үч ай аралыгында өткөрүлүп турду.

“Ишканада жыл сайын ишембилик уюштурулат. Мындан тышкары учурда бардык филиалдар күзгү-кышкы кароого даярдык көрүп жатышат. Ошентип, темир жолун жана анын аймагын ирээтке келтирип алабыз” - дейт «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Алмазбек Ногойбаев.

Бардык жаңылыктар