КРнын Президенти С.Жээнбеков «Россия темир жолу» ААКнун Башкы директору Олег Белозеровду кабыл алды.

30 Ноября 2018

29-ноябрьда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Россия темир жолу» ААКнун Башкы директору Олег Белозеровду кабыл алды.

Мамлекет башчысы стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка, эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө жана активдештирүү зарылдыгына негизделген Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий кызматташуунун жогорку деңгээлин белгиледи.

«Эки тарапта тең темир жолдору кызматташтыгында ишке ашырылбаган чоң потенциал бар. Сиздин Кыргызстанга келишиңиз Россиянын Президенти Владимир Путин менен болгон практикалык макулдашууларыбыздын натыйжасы», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал биргелешкен аракеттер менен оң натыйжага жетишип, мындан аркы жемиштүү кызматташуу боюнча конкреттүү пландар белгиленишине ишенимин билдирди.

«РТЖ» ААКнун башкы директору Олег Белозеров өлкөлөр ортосунда темир жол тармагында мезгил өткөн сайын тыгыз болуп бараткан, бири-бирин колдоого негизделген көптөн бери келе жаткан ишенимдүү мамилелер орногонун белгиледи.

«Биздин технологиялык базабыз бир, биз Шериктештикке катышуучу жана Прибалтика мамлекеттеринин Темир жол транспорту кеңешине катышуунун алкагында жакшы биргелешкен натыйжаларды көрсөтүп жатабыз», — деп белгиледи  Олег Белозеров жана темир жол тармагын өнүктүрүү келечеги, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.
 

Бардык жаңылыктар