Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:

5 Декабря 2018

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 6-декабрында Бишкек I - Бишкек II темир жол каттамынын 3778 чакырымындагы темир жол өткөрмөсүндө темир жолдогу ремонт иштери жүргүзүлөт.

Бул Бишкек шаарынын Асаналиева (мурдакы Некрасова) жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилиши.

2018-жылдын 6-декабрында саат: 21-00 дөн саат: 24-00 гө чейин аталган аймакта транспорт каттамы жабылат жана  Бишкек шаардык жол коопсуздугу башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Андыктан, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү аталган участокто сак болуусун суранабыз.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.

Бардык жаңылыктар