“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен камсыздоо филиалы кышка карата бир катар иш-чараларды жүргүздү.

14 Декабря 2018

Учурда “Луговая-Рыбачье” багыты боюнча электроэнергия менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүп, темир жол өткөрмөлөрүн тартуу, электротрансформаторлорду текшерүү жана электр таянычтарын орнотуу иштери жүрдү.

Ошондой эле поезддердин коопсузудугун камсыз кылуу максатында темир жол бекеттериндеги өткөрмөлөрдү текшерүү, темир жолунда рельс токторунун чыңалуусу, бардык маршруттардын өз ара байлынышы жана андагы аккумуляторлорду да көзөмөлгө алуу иштери аяктады. Бир катар темир жол бекеттеринин ортосунда электр чубалгылары тартылды.

Ал эми байланыш тармагын жакшыртуу максатында пландуу иштер жүрүп, Сокулук жана Шопоков бекетинде РВС-1 стационарлык радиостанциясы орнотулду.

Демек, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен камсыздоо филиалы кышка карат даярдыкты камсыздоо багытында жеткиликтүү иш-чараларды аткарды.

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен камсыздоо филиалынын эң башкы максаты: темир жолду электроэнергиясы жана байланыш менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу болуп эсептелет.

Бардык жаңылыктар