Борбордук “Бишкек II” темир жол бекети жүргүнчүлөр үчүн маалыматтык кызмат көргөзүп жатат.

26 Декабря 2018

Акыркы мезгилде борбордук “Бишкек II” темир жол бекетинен билеттерди сатып алуу жана андагы ортомчулар боюнча сөз болгон эле. Бул багытта “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги маселени карап чыгып, өзүнүн чечимин кабыл алды.

Темир жол бекетиндеги ортомчуларды жою максатында ал жерде системалуу маалыматтык кызмат көргөзүлүп жатат жана анда  вагондордогу бош орундуктар, жол жүрүү билеттеринин баалары, жүргүнчүлөргө берилүүчү жеңилдиктер боюнча толук маалыматтар берилип турат. Бул үчүн темир жол бекетинин ичине 2 монитор жана сыртында жүгүртмө сап өтүп туруучу монитор орнотулду. Жүргүнчүлөр бардык маалыматтар менен ошол мониторлор аркылуу таанышып турушат. Мындан тышкары мобилдик байланыш түйүнү үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыгат. Жүргүнчүлөр алдын-ала орундуктарды тандап, билеттерди сатып алууга шарт түзүлөт.

Ошентип, буйруса “Бишкек II” темир жол бекетинде ортомчулар жоюлат. Эч кандай ортомчусу жок эле “Бишкек II” темир жол бекетине келип, кассадан билет алып кетсе болот. Жүргүнчүлөргө эскертүү: ал жерде билет сунуш кылган ортомчуларга ишенбей, мониторлор аркылуу маалыматтар менен таанышып, анан кассадан билет сатып алышса. Ортомчулар аларга арзан билет сунуш кылып, алдап, Казахстан, Россиянын аймагында жолго таштап койгон учурлар кездешип жатпайбы. Мына ошондой жагдайларды жою максатында Кыргыз темир жолунун жетекчилиги ушундай чечимдерди кабыл алды.

Билет бааларына жеңилдиктер:
Бишкектен Москва, Казань жана Новокузнецк багыты боюнча каттаган жүргүнчүлөр үчүн жагымдуу кабарыбыз бар. Эгерде жүргүнчү жол жүрүү билеттерин 45 күндөн 41 күнгө чейин алдын-ала сатып алса 55 % жеңилдик берилет. Ал эми 40 күндөн 9 күнгө чейин алдын-ала сатып алса 45% жеңилдетилген баа менен алат. Бул купе вагондоруна болгон жеңилдиктер. Дал ушундай эле жеңилдиктер плацкарт вагондоруна да каралган.

Билет бааларын мындан да арзандатуу максатында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы учурда “Россия темир жолу” жана “Казак темир жолу” ишканалары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Бардык жаңылыктар