“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасындагы Ооган согушунун ардагерлери мааракелик ордендер менен сыйланышты

14 Февраля 2019

15-февраль Ооган согушунун жоокерлеринин чыгарылган күнүнө карата “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” ишканасында иш-чара өткөрүлдү.

Ишканада учурда 41 Ооган согушунун ардагерлери эмгектенет. Алар үчүн атайын мааракелик медальдар даярдалган жана бул жогорку сыйлыкты Башкы директордун орун басары Кубан Асанбеков тапшырды. “Силердин эрдигиңерди эч качан элибиз унутпайт. Бүгүнкү күндө силер үчүн такай ар тараптуу колдоолор көргөзүлүп турат жана мындан ары да көргөзүлө бермекчи” – деп баса белгиледи Башкы директордун орун басары өз сөзүндө.

Мындан тышкары ар бир Афган согушунун ардагери үчүн ишкананын атынан 2 000 сомдон акчалай сыйлык, ал эми “Афганчылар уюмуна” баалуу белектер берилди. Алар өз кезегинде Афган согушуна катышып, интернационалисттик милдеттерин татыктуу аткарып келишкен.

Эске салсак, Ооган жергесинен Советтик аскерлер 1989-жылдын 15-февралына чейин чыгарылган. Быйыл бул тарыхый датага 30 жыл толуп олтурат.

Бардык жаңылыктар