Бишкекте дагы бир аллея пайда болот

16 Марта 2019

Өткөн жылы Лев Толстой көчөсүнүн батыш тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилип, ал жерге темир жолчулар 300 даана жаш көчөттөрдү отургузушкан.

Келечекте бул жер кооз “Темир жолчулар аллеясына” айланат. 

Бүгүн «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жамааты аталган аллеяда ишембилик өткөрүштү.

Бул иш-чара жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча республикалык үч айлыктын алкагында өтүп жатат.
Демек, мындай жашылдандыруу ишембиликтери «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында үч ай бою өткөрүлүп турат.

Мындан тышкары бардык филиалдардын кызматкерлери Лев Тостой көчөсүндө тазалоо, ирээтке келтирүү иштерин жүргүзүштү.

Бардык жаңылыктар