"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Боом капчыгайында таштарды куч менен кулатуу иштерин аяктап жатат.

28 Мая 2019

Ушул жумада Боом капчыгайындагы таштарды куч менен кулатуу иштери толугу менен аягына чыгат.

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2019-жылдын 27-майынан тартып, 31-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 131, 132 чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2019-жылдын 27-майынан тартып, 31-майына чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгы тарабынан саат: 9-00 дөн 15-00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.

Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.

Бардык жаңылыктар