Эртен жүргүнчүлөрдү ташуучу «Бишкек-Кара-Балта» поезди бир күнгө убактылуу токтотулат.

31 Мая 2019

“Кара-Балта-РЗД-141” темир жолу участкасындагы ремонт иштерине байланыштуу 2019-жылдын 1-июнунда жүргүнчүлөрдү ташуучу №6059/6060 жана №6061/6062 «Бишкек-Кара-Балта» поезди убактылуу токтотулат.

Ал эми 2019-жылдын 2-июнунан тартып, аталган поезд каттамы белгиленген график боюнча каттай баштайт.

Ошондой эле 1-июньдан тартып, Ала-Тоо (Сокулук району) жаны конушуна поезд токтоочу жайы ачылды. Бул Бишкек-I жана Сокулук бекеттеринин аралыгында.

Бардык жаңылыктар