Темир жолчулар «Балдарды коргоо кунун» белгилешти.

1 Июня 2019

Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чара жалаң гана темир жолчулар клубунун жаш таланттарынын күчү менен даярдалган.

Алгач, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын профсоюз уюмунун төрагасы Роберт Мазитов балдарды куттуктап, алар үчүн профсоюз уюму жана администрация тарабынан такай көңүл бурулуп келгендигине токтолду.

Бүгүнкү иш-чара балдардын каникул алдындагы эң эсте кала турган маданий иш-чарасы. Анткени, жаш таланттардын концерттик программасы, ар кандай оюн-зооктор жана конкурстар жаш наристелерге гана арналат. Конкурстардын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

Бул үчүн профсоюз уюму тарабынан акчалай каражаты бөлүнгөн. Ошондой эле 50 миң сомго атайын концерттик кийимдер тигилген. Ал эми клубда учурда 240 бала ар кандай ийримдерде сабак алышат. Бий, комуз, фортепиано, гитара, жана вокал кластары бар. Ошондой эле мектепке чейинки даярдоо кластары иштейт.

Белгилей кетүүчү нерсе: Кыргызстандагы ведомстволук ишканалардын ичинен бардык талаптарга жооп берген жападан-жалгыз клуб - бул темир жолчулар клубу болуп эсептелет.

Бардык жаңылыктар