«Ташкент-Рыбачье» туристтик поезди каттай баштады.

9 Июня 2019

Мындан ары «Ташкент-Рыбачье» туристтик поезди Өзбек темир жолунун поезд курамы менен жумасына бир жолу каттайт.

7-июнь жума күнү аталган поезд борбордук “Бишкек II” темир жол бекетине келди. Ал эми 8-июнь күнү кайрадан Ташкент шаарына жөнөп кетти. Поездде вагон-ресторан иштеп, бардык ыңгайлуу шарттары бар.

Эми 8-июньдан тартып, ар ишемби күнү 04 саат 59 минутада Рыбачьеден жөнөп, ар жекшемби күнү Ташкент убактысы боюнча Ташкент шаарына 05 саат 00 минутада келет. Ошентип, аталган поезд курамы ар бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Рыбачьеден кайра Ташкент шаарына жөнөп кетет.

Жүргүнчүлөрдү ташуучу «Ташкент-Рыбачье» поезд каттамына билеттер сатыла баштады. Вагондордун категориясына жана билеттерди сатып алуу мөнөтүнө жараша билеттерди сатып алууда жеңилдиктер берилет.

Билет баалары:
-Бишкек шаарынан Ташкент шаарына чейин плацкарт вагонуна 1 946  сомдон,
-купе вагонуна 2 461 сомдон,
-люкс вагонуна 4 602 сомдон башталат.

Уюшуп жамаат менен жүрүүчү жүргүнчүлөргө билет сатып алууда адамдардын санына жараша 30%га чейин жеңилдиктер берилет. Курамында вагон-рестораны бар. Жолдо жүрүү убактысы Бишкектен Ташкентке чейин бардык мамлекеттик чек ара өткөрмө пункттарын кошкондо 20 саат 30 минут.

Кошумча маалымат үчүн телефондор:  (0312) 926847, 926854, 926840, 300209, 300618, 927475, 300376

 

Бардык жаңылыктар