“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания мамлекеттик ишканасынын кызматкери Евразия экономикалык биримдигинин медалы менен сыйланды

3 Сентября 2019

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2019-жылдын 29-майындагы № 3 чечими менен Евразия экономикалык биримдигинин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания мамлекеттик ишканасынын экономика, стратегиялык өнүгүү жана тариф саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы ДУСУМБАЕВ Нурлан Джапсарбаевич “Евразия экономикалык биримдигинин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн” медалы менен сыйланды.

Чечимге ЕАЭБтин курамына кирген 5 мамлекеттик башчылары кол коюшкан – Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казахстан Республикасы, Кыргызстан Республикасы, Россия Федерациясы.

Жогорку сыйлыкты "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Башкы директору Канатбек Абдыкеримов тапшырды.

 

Бардык жаңылыктар