Темир жолчулардын командасы Эгемендүүлүккө арналган мелдеште биринчи орунду багындырды

17 Сентября 2019

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги Эгемендүүлүк күнүнө карата Спартакиада өткөрдү.

Темир жолчулардын командасы аталган мелдеште биринчи орунду багындырды. Ага жалпысынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу 9 ишканадан командалар катышты.

Мини футбол боюнча өткөн мелдеште 16 команданын ичинен “Кыргыз темир жолу” ишканасынын футболисттери эң мыкты оюн көргөзүп биринчи орунду жеңип алышты. Темир жолчуларга министрликтин атайын кубогу жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Кол күрөш боюнча мелдеште байгелүү үч орунду тең темир жолчулар жеңип алышты. 1-2-3-орунду жеңип алган балбандарга атайын диплом жана акчалай сыйлыктар берилди.

Ошондой эле аркан тартыш жана гир көтөрүү боюнча да “Кыргыз темир жолу” ишканасынын спортчулары биринчи байгелүү орундарга татыктуу болушту.

Турнирдин соңунда белгилүү болгондой жалпы командалык мелдеште темир жолчулар 1 орунду камсыз кылып, акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Бардык жаңылыктар