«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:

25 Сентября 2019

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2019-жылдын 26-сентябрында “Сокулук”-“Бишкек I” темир жол бекеттеринин 3773 чакырымындагы кайтарууга алынган темир жол өткөрмөсүндө ремонт иштери жүргүзүлөт. Бул Бишкек шаарынын Алыкулов көчөсүндө жайгашкан өткөрмө пункту.

2019-жылдын 26-сентябрында саат: 08-00 дөн тартып, 17-00 гө чейин аталган аймактагы жол кыймылын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлдөп турат жана айланып өтүүчү жол Садыгалиев көчөсү аркылуу жүргүзүлөт.

Андыктан, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү аталган участокто сак болуусун суранабыз. Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.
 

Бардык жаңылыктар