Хоккей боюнча «Кыргыз темир жолу» ишканасынын Кубогу өткөрүлдү

21 Октября 2019

Борборубуздагы “Локомотив” спорт комплексинде хоккей боюнча «Кыргыз темир жолу» ишканасынын Кубогу үчүн турнир өткөрүлдү. Аталган мелдеш “Кыргыз темир жолу” ишканасынын колдоосу менен биринчи жолу өтүп жатат.

Турнирге Нарын жергесинен жана Бишкек шаарынан келишкен 4 команда ат салышты. Алар: “Кыргыз темир жолу” ишканасынан «Локомотив», Бишкек шаарынан «Арстан», Нарын областынан келген «Миң-Куш» жана Бишкек шаарынан «Хан-Тенгри» хоккей командалары.

Курч мүнөздө өткөн мелдеште “Локомотив” жана “Хан-Тенгри” командалары алдыга чыгып, биринчи орун үчүн ат салышты. Жыйынтыгында “Хан-Тенгри” командасы күчтүү болуп, 6-4 эсебинде жеңишке жетишти.

Ошентип, 1-орун Бишкек шаарынан “Хан-Тенгри”, 2-орун “Кыргыз темир жолу” ишканасынын «Локомотив» жана 3-орун Нарын областынан келген «Миң-Куш» хоккей командасына берилди.

Белгилей кетүүчү нерсе, биринчи жолу өтүп жаткан турнирде атайын Кубокту “Хан-Тенгри” командасы алып кетти. Ал эми калган командалар турнирдин дипломдору жана медальдары менен сыйланышты.

Мындан ары аталган турнир жыл сайын “Локомотив” спорт комплексинде өткөрүлүп турат. Ошондой эле турнирге катышуучу командалардын саны жыл сайын өсөт деп эсептешет уюштуруучулар.

Бардык жаңылыктар