«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Аппаратынын кызматкерлери жана бардык филиалдар ишембиликке чыгышты.

15 Ноября 2019

2019-жылдын 15-ноябрында «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы ишембилик уюштурду.

Темир жолчулар Лев Толстой көчөсүнөн тартып, Садыгалиев көчөсүнө чейинки аралыкты тазалап чыгышты. Таштандылар алынып, жол жээктери ирээтке келтирилди. Ошондой эле Пишпек эс алуу багынын тегереги тазаланды.

Мындай жашылдандыруу ишембиликтери «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында акыркы үч ай аралыгында такай өткөрүлүп турду.

“Мындан тышкары учурда бардык филиалдар күзгү-кышкы мезгилге  даярдык көрүп жатышат. Ошентип, темир жолун жана анын аймагын ирээтке келтирип алабыз” - дейт «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги.

Бардык жаңылыктар