Жаңылыктар
-
11 Апреля 2018
Жүргүнчүлөрдү ташуучу «Бишкек-Кара-Балта» поезди кайрадан жүрө баштайт
Кара-Балта-Бишкек-I темир жолундагы ремонт иштери өз мөөнөтүнөн мурда аяктагандыгына байланыштуу 2018-жылдын 13-апрелинен тартып, Бишкек-Кара-Балта поезди мурда белгиленген график боюнча кайрадан каттай баштайт.
-
10 Апреля 2018
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:
Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 10-апрелинен тартып, 20-апрелине чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 120 чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.
-
6 Апреля 2018
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Аппаратынын кызматкерлери жана бардык филиалдарынын башчылары ишембиликке чыгышты.
“Таза жашоо” улуттук компаниясынын алкагында 2018-жылдын 6-апрелинде «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы ишембилик уюштурду.
-
6 Апреля 2018
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Кыргызстандын аймагында жүргүнчүлөрдү ташуучу Ташкент-Рыбачье поездине билеттерди сатып алууда жеңилдиктерди жарыялайт.
Эгерде жүргүнчү поезд билеттерин купе вагонуна 31 күндөн 45 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, билеттин жалпы баасына 45 % жеңилдик берилет.
-
4 Апреля 2018
Относительно выступления 4 апреля 2018 года на пленарном заседании Жогорку Кенеша КР депутата Ж. Акаева, о воспрепятствовании проверки Государственное Предприятие «Национальная «Компания «Кыргыз темир жолу» сообщает следующее:
2 апреля 2018 года в 10:00 Генеральный директор А. Ногойбаев в своем служебном кабинете принял сотрудников ГСБЭП КР прибывших для проверки деятельности ГП «НК «Кыргыз темир жолу».
-
3 Апреля 2018
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:
Поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018- жылдын 3-апрелинен 5-апрелге чейин Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 108-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт.
-
2 Апреля 2018
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:
Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 02-апрелинен тартып, 06-апрелине чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 120 чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.
-
26 Марта 2018
Март айынан тартып, «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезд каттамы ачылды.
Мындан ары №455/456 «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезди Өзбек темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттайт.
-
23 Марта 2018
“Кыргыз темир жолу” ишканасы жол чарбасындагы техникаларды модернизациялоо, жана жаңылоону ишке ашырууда
2017-жылы “Кыргыз темир жолу” ишканасында 15 жаңы техника салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Алар: 10 трактор, 3 жүк жүктөөчү техника жана 2 эксковатор. Бул техникалар темир жолду модернизациялоо иш-чарасынын алкагында ишкананын өздүк каражатына сатылып алынган.
-
23 Марта 2018
Нооруз майрамына арналган спорттук оюндар жыйынтыкталды.
"Кыргыз темир жолуна" караштуу "Локомотив" спорт комплекси Нооруз майрамында спорттук мелдештерди өткөрдү.