Жаңылыктар
-
7 Декабря 2017
2017-жылдын 1-декабрынан тартып, Казахстандан Кыргызстандын түштүк аймагына темир жолу аркылуу жүк ташып келүүдө бирдиктүү тариф колдонулат
Казахстандын “КТЖ-Грузовые перевозки” Акционердик коому билдирет: Эки тараптуу экономикалык кызматташтык боюнча Жол картасынын 49 пунктуна ылайык, ошондой эле чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык төлөмдөрү боюнча (2017-жылдын 2-декабрында Казахстандын Премьер-Министринин Биринчи орун басары А. Мамин жана Кыргыз Республикасынын Вице-Премьер-Министри Т. Абдыгулов тарабынан бекитилген) 2017-жылдын 1-декабрынан тартып, Казахстандан Кыргызстандын түштүк аймагына темир жолу аркылуу жүк ташып келүүдө кошумча төлөмдөр бирдиктүү тариф аркылуу алынат.
-
5 Декабря 2017
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты КР ЖКнын депутаты Иса Өмүркуловго апасы Муспира Өмүркулованын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.
-
1 Декабря 2017
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасына ташылып келинген жүктөр (оперативдүү маалыматтар)
2017 жылдын 11 айында Кыргызстанга темир жолу аркылуу ташылып келинген күйүүчү майлардын көлөмү төмөндөгүчө:
-
1 Декабря 2017
№97 - темир жолчулар кесиптик лицейине 75 жыл
№97 - темир жолчулар кесиптик лицейи 1942-жылы Улуу Ата Макендик согуш жылдарында паровоздун машинисттери, жардамчылары жана темир жолчулар жетишпей жаткан кезде, мурдагы Фрунзе шаарында жападан жалгыз темир жол окуу жайы катарында ачылган.
-
29 Ноября 2017
"Кыргыз темир жолунда" кышка карата даярдык иштери аяктап жатат
Быйылкы кышта темир жол транспорту электрэнергиясы, байланыш жана сигнализация менен үзгүлтүксүз камсыз болот.
-
27 Ноября 2017
Темир жолу менен өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча программа иштелип чыкты
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Маалыматтык тактоону камсыз кылуу боюнча филиалы “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу темир жолу менен өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча” программа иштеп чыкты жана аны ишке киргизди.
-
24 Ноября 2017
"Локомотив" спорт комплекси - сергек жашоого чакырат
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын "Локомотив" спорт комплекси - жаңы сезондо иштеп жатат.
-
23 Ноября 2017
Кыргызстандын темир жолу толугу менен аскерлештирилген күзөт кызматы тарабынан кайтарылат
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын темир жол обьектилерин жана ташылуучу жүктөрдү аскердик кайтарууга алууну камсыз кылуу боюнча филиалы учурда 15 темир жол бекетин, 2 көпүрөнү, жана темир жолго караштуу 12 мекемени күнү-түнү кайтарып турат.
-
23 Ноября 2017
Кыргыз темир жолунун поезддери Бишкек менен Москваны бириктирип турат
Учурда «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын поезддери төмөнкү багыттар боюнча каттайт:
-
20 Ноября 2017
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:
2017-жылдын 20-ноябрында түнкү саат 01:00 дө №3501 жүк ташуучу поезд жүргүнчүнү тебелеп кеткен.