Жаңылыктар
-
3 Ноября 2022
"Кыргыз темир жолу" УК" МИ 2022-жылдын 1-декабрында өткөрүлө турган аукцион тууралуу маалымдайт
Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинети тарабынан 2021-жылы 24- сентябрындагы №183 Токтому менен бекитилген "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндөгү" Жобонун талаптарына ылайык, "Кыргыз темир жолу" УК" МИ 2022-жылдын 1-декабрында өткөрүлө турган аукцион тууралуу маалымдайт.
-
1 Ноября 2022
“Кыргыз темир жолу”: 9 айда 271 миң 461 жүргүнчү ташылган
“Кыргыз темир жолу” УК” МИнин ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча калктын керектөөлөрүн канааттандыруу болуп саналат.
-
1 Ноября 2022
Бакыт Момуналиев "Show leopard run эл аралык марафонунда 3-орунду, ал эми «M BULAK KUZ DEMI 2022» эл аралык марафонунда 1-орунду ээледи
Бакыт Момуналиев "Show leopard run" эл аралык марафонунда 30-39 жаштагы ышкыбоздор арасында 3-орунду, "M BULAK KUZ DEMI 2022" эл аралык марафонунда 1-орунду алды.
-
1 Ноября 2022
Ташкентте Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн темир жол администрацияларынын башчыларынын биринчи жыйыны болуп өттү
2022-жылдын 27-октябрында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр – Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын темир жол администрацияларынын башчыларынын биринчи жыйыны болуп өттү.
-
24 Октября 2022
Поездге билет тууралуу маалыматты 0705 076696 номуру аркылуу тактасаңыз болот
Жол жүрүү билеттин баасын, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин графигин тактап алуу үчүн жарандар төмөнкү телефондор аркылуу маалымат ала алышат: уюлдук телефон - 0705 076696, стационардык телефон: (0312) 30-02-09, (0312) 92-68-54, (0312) 92 -68-40
-
21 Октября 2022
«Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулушу боюнча талкуу болуп өттү
Бүгүн, 2022-жылдын 21-октябрында «Кыргыз темир жолу» УК» МИде ишкананын башкы директору Азамат Сакиевдин «РЖД Интернешнл» ЖЧКсынын башкы директору Сергей Столяров менен жолугушуусу болуп өттү.
-
21 Октября 2022
24-28 октябрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт
2022-жылдын 24-октябрынан 28-октябрына чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында, Боом капчыгайы (темир жолдун 3902-чакырымы), кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” УК” МИсы маалымдайт.
-
17 Октября 2022
«Кыргыз темир жолу» менен Индиянын “RAIL VIKAS NIGAM LIMITED” компаниясы кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы менен индиялык «RAIL VIKAS NIGAM LIMITED» компаниясы темир жол инфраструктурасы боюнча кызматташуу жөнүндөгү Меморандумга кол коюшту.
-
14 Октября 2022
17-21 октябрь күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт
2022-жылдын 17-октябрынан 21-октябрына чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайы (темир жолдун 3901-чакырымы), кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” УК” МИсы маалымдайт.
-
11 Октября 2022
«Кыргыз темир жолунда» күзгү кароо
2022-жылдын 28-сентябрынан 28-октябрына чейин «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин жетекчилигинен жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларынан турган комиссия станцияларды жана темир жол объектилерин күзгү кароодон өткөрүү иштерин аткарууда.